ЖЭБдеги авария. Бишкек мэринин орун басары көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди

Коом 0

Бишкек, 02.02.24. /Кабар/. "Кабар" улуттук маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев Жылуулук жлектр борборундагы штаттан тышкаркы кырдаалга байланыштуу борбор көрүлгөн чаралар тууралуу айтып берди.

"Бишкек шаарын жылуулук менен эки ишкана камсыздайт, 66% - "Бишкекжылуулуктармагы" ААК, ал ЖЭБ аркылуу жылуулук менен камсыз кылат, шаардын башка бөлүгүн (34%) муниципалитетке кирген "Бишкекжылуулукэнерго" ишканасы тейлейт. Ал жакта баары туруктуу, буу казандары штаттык режимде иштеп жатат. Бул негизинен шаардын түштүк-батыш бөлүгү" - деп белгиледи Ж.Шамыралиев.

Ошондой эле мэрдин орун басары шаардын бул бөлүгүндө (түштүк-батыш) жылуулук жана ысык суу чектөөсүз берилерин кошумчалады.

Учурда Энергетика министрлиги жана "Бишкекжылуулуктармагы" ААК менен биргеликте жылуулукту сактоо үчүн ысык сууну өчүрүү ишин жүргүзүүдө. Ошондой эле шаардыктарга жылуулук жана ысык суу берүүнү калыбына келтирүү боюнча биргелешкен активдүү иштер жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий