• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

7-февралга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 06.02.19. /Кабар/. Эртең, 7-февралда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн күндүз -30...-35, күндүз-12...-17 градус суук болушу ыктымал.

Чүй жана Талас облустарында абанын температурасы түнкүсүн -11...-16, күндүз -5...-10, Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн -4...+9, күндүз -1...+4 градус болот.

Ал эми Ысык-Көлдө түнкүсүн -6...-11, күндүз 0...-5, Нарын облусунда түнкүсүн -18...-23, күндүз -10...-15 градус суук болот.

Эртең Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -13…-15, күндүз -7…-9 градус болушу ыктымал.

Пикир

Оставить комментарий