ЖЭБди калыбына келтирүү. Кырсыктын кесепеттерин жоюуга 1000ге жакын адам тартылды

Коом 0


Бишкек, 04.02.24. /Кабар/. Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жалпы 991 адам, 23 техника тартылды.

Ыкчам штабдын маалыматына караганда, анын ичинде ӨКМден 81 куткаруучу, 8 техника, 1 суу сордуруучу мотопомпа, дрон, 2 жылыткыч, 4 чатыр бар.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:

  • авариядан улам жабыркаган имараттын аймагын тазалоодо;
  • ЖЭБдин имаратын жылуулоо максатында 50 000 м2 полиэтилен пленкасы алынып, куткаруучулар жылуулоо ишин аткарышууда;
  • жалпы кызматкерлер үчүн жылууланган 10 чатыр даярдалып, анын 4ү тигилген.

ЖЭБдеги жумуштарды аткарууга тартылган жалпы 991 адамдын ичинен:

  • 490у Энергетика министрлигине караштуу ЖЭБдин жана электр компаниялардын кызматкерлери;
  • 393ү Мамкурулуштун куруучу жана атайы адистери;
  • ИИМдин 15 кызматкери;
  • Бишкек мэриянын 12 кызматкери жана аталган жарандык коргонуу кызматтарынан жалпы 15 техника тартылды.

ЖЭБдин имаратын калыбына келтирүү, оңдоо иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий