Берлин шаарында кыргыз маданиятынын кечеси өттү

Коом 0

Бишкек, 29.01.24./Кабар/. 28-январда Берлин шаарында Das Löwenpalais im Berliner Grunewald концерттик залында кыргыз маданиятынын кечеси өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Германияда элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, маданий иш-чара ыргыз диаспорасынын активисттери жана Кыргыз-Герман маданият коому менен биргеликте Кыргызстандын элчилиги тарабынан уюштурулуп, КР Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына арналган.

Кыргыз маданият кечесине элчиликтин достору, Германиянын мамлекеттик органдарынын, парламенттин, дипломатиялык корпустун, коомдук бирикмелердин жана маданий уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле Берлинде жашаган кыргызстандыктар катышты.

Кыргызстандын элчиси Өмүрбек Текебаев ачылыш сөзүндө мындай иш-чаралар аркылуу Кыргызстан менен Германиянын элдеринин ортосундагы маданий диалогду өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстандан келген өнөрпоздорго немис көрүүчүлөрүнө улуттук концерттик программа тартуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Маданий иш-чара КР Эл артисти Нурланбек Нышановдун улуттук аспаптарда виртуоздук чертүүлөрү, КР Эл артисти Бактыбек Ыбыкеев, эмгек сиңирген артисттери Зайра Райымбекова, Айзирек Момунова, Айбек Саралаев, Тилек Найманбаев, концертчи Нуржан Токтобекова сыяктуу А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын алдыңкы солисттеринин өнөрлөрү менен коштолду.

Ошондой эле КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, дизайнер Гүлмира Акматованын заманбап мода коллекциясы көрсөтүлдү.

Соңунда маданий иш-чаранын катышуучуларына улуттук тамактар жана таттуулар тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий