• 87.32
  • 94.96
  • 0.98

Эл жазуучусу Мелис Абакировду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 31-январда өтөт

Коом 0

Бишкек, 29.01.24. /Кабар/. Эл жазуучусу Мелис Абакировду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 31-январда өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маркум менен коштошуу иш-чарасы Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт. Башталышы саат 11:00.

Мелис Абакировдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

Белгилей кетсек, Кыргыз Эл жазуучусу, III даражадагы “Манас” орденинин ээси Мелис Абакиров 84 жашында дүйнөдөн кайтты.

Жазуучу Чүй районунун Бурана айылында 1940-жылы 15-мартта туулган.

Пикир

Оставить комментарий