Бишкек, 02.12.24. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытайдын Чэнду шаарында өткөн "Борбордук Азия – Кытай" форматындагы тышкы иштер министрлеринин 5-жолугушуусуна катышты.
Кыргызстандын тышкы саясий ведоствосунан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2023-жылдын май айында Сиань шаарында "Борбордук Азия – Кытай" саммити өткөндөн бери кызматташуунун активдешүүсүн баса белгилеп, Борбор Азия мамлекеттеринин Кытай менен өз ара аракеттешүү маселелерин талкуулашты.
Борбор Азия мамлекеттеринин жана Кытайдын башчыларынын Сиань жолугушуусунан кийинки өнөктөштүктүн жыйынтыктарын жалпылоо менен тараптар жакынкы мезгилге кызматташтыктын конкреттүү негизги багыттары боюнча кабыл алынган механизмдердин жана платформалардын алкагында келечектеги пландарды белгилешти.
Отурумдун алкагында саясат, соода, айыл чарба, инвестиция тартуу, "жашыл" экономика, энергетика, климаттын өзгөрүшү жана айлана-чөйрөнү коргоо, транспорт жана бажы тармактарындагы өз ара аракеттешүү боюнча пикир алмашуу болду.
Мындан тышкары, маданий-гуманитардык кызматташуу, туризм жана жогорку технологиялар, ошондой эле, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана БУУ, ШКУ жана башка уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.
Тышкы саясат министрликтеринин башчылары 2025-жылы боло турган "Борбордук Азия – Кытай" экинчи саммитинин мазмундук бөлүгүнө өзгөчө көңүл бурушту.
Министр Кулубаев өз сөзүндө Борбор Азия менен Кытай экономикалык өсүш жана өнүгүү үчүн олуттуу потенциалга ээ экендигин баса белгиледи.
"Биздин аймак байыркы соода жолдорунун кесилишинде жайгашкан жана бүгүнкү ааламдашуу доорунда Борбордук Азиянын транзиттик жана логистикалык түйүн катары ролун жандандырууга мүмкүнчүлүк пайда болот", - деди ал.
Ошондой эле Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы өлкөлөрдүн экономикалык байланыштарын чыңдоого жана адамдардын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун куруу долбоорунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Жыйындын жыйынтыгында тышкы саясат ведомстволорунун башчылары "Борбордук Азия – Кытай" форматындагы тышкы иштер министрлеринин бешинчи жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.
Пикир
Оставить комментарий