• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Душанбеде ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн ӨБКнин кеңири форматтагы жыйыны башталды

Саясат 0

Душанбе, 12.10.18. /Кабар/. Душанбеде Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн Өкмөт башчылар кеңешинин кеңири чөйрөдөгү жыйыны башталды, жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюу күтүлүүдө.

Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев өз сөзүндө билдиргендей, тар чөйрөдөгү жолугушууда өз ара кызыкчылыктарга чайкеш келген маселелерди талкуулашкан.

“Уюмду андан ары өнүктүрүү боюнча өз ара пикир алыштык. Жыйындын бардык катышуучулары тарабынан ШКУнун ролу жана кадыр-баркы өсүп жаткандыгы айтылды. Кыргызстан уюмда төрагалык кылуучу өлкө катары ШКУнун алкагында көп пландуу кызматташууну ар тараптуу өркүндөтүү жана өнүктүрүүгө көңүл бурат. Бул үчүн биздин өлкөнүн керектүү болгон потенциалы бар жана биз кызматташуунун бардык багыты боюнча актуалдуу көйгөйлөрдү оң жагына чечүүгө далалат кылабыз. Кыргыз Республикасы ШКУнун бардык максаттарын жана алдыга койгон тапшырмаларын ишке ашырууда активдүү катышат”, - деп билдирди өкмөт башчы.

Пикир

Оставить комментарий