• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Сапар Исаков ЕАЭБ өкмөт башчыларынын жыйынына катышууга Ереванга учуп кетти

Саясат 0

Бишкек, 24.10.17. /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков Армениянын борбору – Ереванга Евразия экономикалык союзунун өкмөт башчыларынын кезектеги жыйынына катышууга учуп кетти.

Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстан бул союзда төрагалык кылууда.

Бүгүн эле Исаков Армениянын премьер-министри Карен Карапетян жана Казакстан прембер-министри Бакытжан Сагинтаев менен жолугушат.

Эртең Кыргызстандын төрагалыгы алдында ЕАЭБ өкмөт башчыларынын жыйыны өтөт.

Расмий делегациянын курамы:

- Исаков Сапар Джумакадырович - КР премьер-министри,делегация башчысы;

- Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович – КР биринчи вице-премьер-министри, Совета Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин төрагасы;

- Отунбаев Болот Исакович – КРнын РФдагы элчиси;

- Новиков Артем Эдуардович КР экономика министри;

- Сулайманов Азамат Талапбекович – КР Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;

- Жумаканов Калысбек Туратбекович – КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын директору;

- Уметалиев Санжар Болотбекович – КР өкмөтүнүн аппаратынын жетекчисинин орун басары, КРнын ЕАЭБдеги өкүлү;

- Торалиева Гульнура Тынчтыкбековна – КР премьер-министринин кеңешчиси;

- Кайкиев Эмиль Абдыкалыевич – КР тышкы иштер министринин орун басары;

- Айдарбеков Айбек Акматбекович – КР өкмөтүнүн аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы.

Пикир

Оставить комментарий