Жээнбек Кулубаев ЕККУнун учурдагы төрагасы Иан Борч менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 27.06.24. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Европадагы коопсуздук жана келишим уюмунун учурдагы төрагасы, Мальтанын тышкы, европалык иштер жана соода министри Иан Борч менен жолукту.

Талаптардын жолугушуусу Иан Борчтун Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында өттү.

Расмий учурашуу жана сүрөткө түшүүдөн кийин жетекчилер тар форматтагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн жыйындар залына өтүштү.

Жолугушууда тараптар Кыргызстандын ЕККУ менен өз ара аракеттеринин актуалдуу маселелерин, ошондой эле Мальтанын төрагалыгынын күн тартибиндеги учурдагы маселелерди талкуулашат.

Белгилей кетсек, ЕККУнун учурдагы төрагасы Иан Борчтун президент Садыр Жапаров жолугушуусу өттү. Андан ары Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев менен жолугушуусу пландалган.

Пикир

Оставить комментарий