• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Жээнбек Кулубаев Эл аралык миграция уюмунун өкүлү менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 03.09.24. /Кабар/. Тышкы иштер министрлигинин имаратында министр Жээнбек Кулубаев Миграция боюнча эл аралык уюмдун субрегионалдык өкүлү Зейналы Гаджиев менен миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу жолугуу өткөрдү.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аймактагы жана өлкөдөгү миграциялык кырдаалдын актуалдуу маселелерин жана өнүгүү тенденцияларын талкуулашты.

Министр Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын миграциялык саясат чөйрөсүндөгү артыкчылыктарын белгилеп, ошондой эле мамлекет тарабынан эмгек миграциясы үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана чет өлкөлөрдө жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо системасын бекемдөө боюнча иштер жигердүү жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Ошол эле учурда, Кыргызстан иммиграцияны тартипке салууга, Кыргызстандагы качкындар маселесине, ошондой эле өлкө аймагында аларды социалдык-укуктук жактан коргоого өзгөчө көңүл буруп жатканы белгиленди.

Өз кезегинде Зейнал Гаджиев жолугушуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, аймактагы иштин жүрүшүндөгү оң таасирлери менен бөлүштү. Эл аралык уюмдун Өкүлү мигранттардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо чөйрөсүндө мыйзам актыларын кабыл алуу, ошондой эле аларды ишке ашыруу жаатында Кыргызстандын лидерлик ролун өзгөчө баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар Кыргызстан менен Миграция боюнча эл аралык уюмунун ортосундагы мындан аркы тыгыз кызматташууну улантууга ишенимин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий