Бишкекте «Азыркы коомдогу ислам дининин баалуулуктарынын орду жана ролу» аттуу форум өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 11.11.21 /Кабар/. Бүгүн, 11-ноябрда, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жана Кыргызстан мусулмандарын дин башкармалыгы тарабынан уюштурулган «Азыркы коомдогу ислам дининин баалуулуктарынын орду жана ролу» аттуу форум өтүүдө.

Форумдун ишине КРнын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева, ДУМКтун жетекчилиги, облустук жана шаардык казылар, Аалымдар кеңешинин төрагасы жана анын мүчөлөрү, ошондой эле академиялык коомчулуктун өкүлдөрү катышууда.

Форумдун жүрүшүндө мамлекет менен диндин өз ара аракеттенүүсүнүн негизги принциби болгон светтик принципти бекемдөө, тынчтыкты сактоодо исламдын ролу, диний билим берүүнүн практикасы жана анын багыттары, коомдогу көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн жолдору талкууланат.

Ошондой эле форумдун катышуучулары билим берүүнүн зарылдыгын жана билимдин жетишсиздиги көйгөйүн талкуулашат. Иш-чаранын аягында резолюция кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий