• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Казакстанда Pfizer вакцинасы менен эмдөө жакынкы күндөрү башталат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.11.21. /Кабар/. 10-ноябрь күнү кечинде Казакстанга коронавируска каршы Pfizer вакцинасынын алгачкы партиясы жеткирилди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар өлкөнү дары-дармек менен камсыз кылган "СК-Фармация" компаниясынын өкүлүнө таянып кабарлашты.

Маалыматка караганда, Qatar Airways авиакомпаниясына таандык учак Бельгиядан Алматы аэропортуна Pfizer вакцинасынын 379 080 дозасын жеткирди.

"Жеткирилген вакцинанын көлөмү өлкө калкын жапырт эмдөөдөн өткөрүүнү аяктоо иштерин алдыга жылдырууга мүмкүндүк берет. Бул Казакстанда катталган алтынчы вакцина. Ал өлкө аймактарына жеткирилип, жакынкы күндөрү эмдөө үчүн колдонула баштайт", — деп билдирди Саламаттык сактоо министрлиги.

Мекеменин маалыматына караганда, бул вакцина биринчи кезекте кош бойлуу жана бала эмизип жаткан аялдарга, ошондой эле ата-энесинин макулдугу бар өспүрүмдөр үчүн жеткиликтүү болот.

Буга чейин кол коюлган макулдашуунун алкагында Казакстанга жалпысынан Pfizer вакцинасынын 4 миллион дозасын жеткирүү каралган.

Расмий маалыматка ылайык, 19 миллион калкы бар Казакстанда коронавируска каршы 7,7 миллион киши толук эмдөөдөн өттү. Дагы жүздөгөн киши экинчи дозасын сайдыруу алдында турат. Өлкөдө бул үчүн негизинен жергиликтүү QazVac жана Караганда шаарында өндүрүлүп жаткан Россинын "Спутник V" вакциналары колдонулуп жатат.

Мындан тышкары Казакстанда калкты эмдөө үчүн Кытайдын Sinopharm компаниясынын Бириккен Араб Эмираттарында өндүрүлүп жаткан Hayat-Vax, SinoVac кытай компаниясынын СoronaVac жана Кытайда өндүрүшүндөгү VeroСell вакциналары колдонулууда.

Пикир

Оставить комментарий