Жээнбек Кулубаев Ирандын ТИМ башчысынын милдетин аткаруучу Али Багериге көңүл айтты

Коом 0

Бишкек, 20.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ирандын президенти Эбрахим Раисинин, тышкы иштер министри Амир Хосейн Абдоллахияндын, ошондой эле Ирандын башка жогорку кызматтагы расмий адамдарынын каза болгондугуна байланыштуу Ирандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Али Багериге көңүл айтты.

“Тик учактын трагедиялуу кырсыкка учурашынан улам дос жана боордош Иран Ислам Республикасынын президенти Улуу даражалуу Эбрахим Раиси, тышкы иштер министри Амир Хоссейн Абдоллахиян жана башка жогорку кызмат адамдарынын мезгилсиз курман болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Тышкы иштер министри маркум Амир Хоссейн Адоллахияндын Ирандын тышкы саясаттагы аброюнун эбегейсиз жогорулашына, карым катнашты чыңдоого жана аймактык туруктуулукка алып келишине түздөн-түз салым кошуп келгени, ошондой эле анын талыкпас зор эмгектери тажрыйбалуу чыгаан инсан катары ар дайым түбөлүктө сакталат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жана жеке өзүмдүн атымдан дос жана боордош Иран элине, ошондой эле маркум Амир Хоссейн Адоллахияндын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгыларын тең бөлүшөм”, - деп айтылат телеграммада.

Пикир

Оставить комментарий