• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектин бир районунда “Ыйык Рамазан айы” кайрымдуулук акциясы башталды

Коом 0

Бишкек, 04.04.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин районунда “Ыйык Рамазан айы” кайрымдуулук акциясы башталды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, акциянын алкагында Ленин районунун башчысы жана райондун ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү райондун муктаж болгон тургундарына азык-түлүк жана биринчи керектелүүчү азыктар түрүндө жардам көрсөтүүдө.

"Ленин районунун башчысы Русланбек Тагаев Ленин районунун аймагында жашаган көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү кыдырып, мусулмандардын ыйык Рамазан майрамы менен куттуктап, үй-бүлөлөргө азык-түлүк баштыкчаларын жана балдарга таттууларды тапшырды", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгиленгендей, акция ыйык Рамазан айынын аягына чейин уланып, чындап муктаж болгон ар бир адамга жардам көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий