• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Жээнбек Кулубаев Нью-Йоркто ТМУнун салттуу бейформал жыйынына катышты

Саясат 0

Бишкек, 26.09.24. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Нью-Йорк шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин салттуу бейформал жыйынына катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, жыйын БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында өттү.

Отурумдун жүрүшүндө тышкы иштер ведомстволорунун жетекчилери ТМУ күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты. Негизги көңүл үстүбүздөгү жылдын 6-ноябрында Бишкекте өтө турган кезектеги ТМУ Саммитине даярдык көрүүгө бурулду.

Министр Кулубаев өз сөзүндө тараптарды алдыдагы Бишкек саммитинин күн тартибинде кабыл алына турган бардык документтерди ыкчам түрдө алдыга жылдырууга жана макулдашууга чакырды.

ТМУ менен эл аралык жана аймактык уюмдардын, анын ичинде БУУнун органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маселелери өзүнчө көтөрүлдү.

Жыйынтыгында тараптар ТМУнун натыйжалуулугун жана беделин мындан ары жогорулатуу максатында көп тараптуу кызматташтыктын жана өз ара аракеттенүүнүн бардык багыттарында биргелешип иштөөгө даяр экендиктерин ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий