Бишкек, 26.05.23. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 29-30-майда кесиптеши Батмөнхийн Батцэцэгдин чакыруусу боюнча расмий иш сапары менен Монголияга барат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, расмий иш сапардын алкагында кыргыз-монгол мамилелеринин бардык спектрин активдештирүү маселелерин, атап айтканда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө талкуулоо максатында жогорку деңгээлде жолугушуулар пландаштырылган.
Пикир
Оставить комментарий