Бишкек, 19.11.24. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бишкекке кыргыз-россиялык тышкы иштер министрликтер аралык саясий консультацияларга катышуу үчүн келген Россия тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузинди кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыкты, ошондой эле КМШ, ЖККУ, ЕАЭБ, ШКУнун алкагында өз-ара аракеттенүүнү чыңдоо маселелери талкууланып, 2025-жылга карата пландар белгиленди.
Тараптар кыргыз-россия мамилелеринин деңгээлин баалоо менен бирге, достук, стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык маанайдагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Пикир
Оставить комментарий