Жээнбек Кулубаев ЖККУнун ТИМ башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты

Саясат 0

Бишкек, 21.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

ТИМден билдиришкендей, жыйын бүгүн, 21-июнда Казакстандын Алматы шаарында өттү.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар эл аралык жана аймактык кырдаалдын абалына, ошондой эле анын Уюмга мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна тийгизген таасирине байланыштуу маселелерди талкуулашты. Тараптар ЖККУнун тышкы байланыштарын өнүктүрүү боюнча мындан аркы кадамдар тууралуу пикир алышты.

Тышкы иштер министрлер кеңеши Жакынкы Чыгышта жана Түндүк Африкада стабилдештирүү аракеттери жөнүндө, Беларустун фашисттик баскынчылардан бошотулушунун 80 жылдыгына байланыштуу, космос мейкиндигин тынчтык максаттарда изилдөөнүн жана пайдалануунун актуалдуу маселелери боюнча, ошондой эле эл аралык маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндө кызматташтыкты кеңейтүү боюнча билдирүүлөрдү кабыл алды. Аталган Билдирүүлөрдө тараптардын консолидацияланган пикири чагылдырылган.

Кеңеш ошондой эле Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында түзүлүүчү эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча жана ЖККУнун Тынчтыкты сактоо күчтөрүнө бөлүнгөн ЖККУга мүчө мамлекеттердин тынчтык орнотуучу контингенттери менен машыгууларды даярдоо жана өткөрүү боюнча методикалык сунуштарды, Уюмдун финансылык ишмердүүлүгүнө байланышкан документтерди жактырды.

Тышкы иштер министрлер кеңешинин кийинки жыйыны ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын алдында, үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Казакстанда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий