• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Текебаев германиялык тарапка Кыргызстанда саламаттык сактоо тармагында долбоорлорду ишке ашырууну сунуштады

Саясат 0

Бишкек, 15.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын Эрланген шаарындагы заманбап медициналык жабдууларды жана жаңы технологияларды чыгарган ири «Siemens Healthineers» компаниясынын башкы кеңсесинде болуп, анын вице-президенти Др. Бернт Бибер менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө көптөгөн жылдардан бери биздин өлкөдөгү өнөктөшү аркылуу Кыргызстанга продукцияларды жеткирип келе жаткан «Siemens Healthineers» компаниясынын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана аны кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашуу болду.

Элчи Ө.Текебаев Кыргызстандын аймактарынын саламаттыкты сактоо тармагындагы муктаждыктары тууралуу маалымат берип, биринчи кезекте ар кандай оорулардын түрлөрүн аныктоо үчүн заманбап медициналык жабдууларга суроо-талаптын орчундуу экенин белгилеп, Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринде саламаттык сактоо тармагында долбоорлорду ишке ашырууну сунуштады.

Ошондой эле Өмүрбек Текебаев «Siemens Healthineers» компаниясын 2022-жылдын 13-июнунда Бишкек шаарында өтө турган кыргыз-герман бизнес форумуна катышууга чакырды.

Вице-президент Б.Бибер кызматташтыкты өнүктүрүүнү мындан ары деталдуу талкуулоо максатында «Siemens Healthineers» компаниясынын өкүлүнүн бул бизнес-форумга катышуусуна кызыкдар экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий