• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ташкентте кыргыз-өзбек ТИМ аралык саясий кеңешмелеринин кезектеги раунду өтөт

Саясат 0

Ташкент, 12-март /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова баштаган кыргыз делегациясы бүгүн Ташкент шаарына келет. Бул тууралуу КРнын Өзбекстандагы элчилиги билдирди.

Өзбекстандын борборунда тышкы иштер ведомстволорунун орун басарларынын деңгээлиндеги кыргыз-өзбек ТИМ аралык саясий кеңешмелеринин кезектеги раунду өтөт. Жолугушууда тараптар кыргыз-өбек мамилелеринин абалын биргеликте талдап, аларды мындан аркы өнүктүрүү сунуштарын карашат.

Пикир

Оставить комментарий