• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Жээнбеков: Апрель айында Ош шаары түрк дүйнөсүнүн өкүлдөрүн кабыл алат

Аймак 0


Бишкек, 21.02.19. /Кабар/. “Быйылкы жылды эл аралык ТҮРКСОЙ уюму “ОШ – түрк дүйнөсүнүн маданий Борбору” деп жарыялады. Буга байланыштуу салтанаттуу иш-чара апрель айында Ошто белгиленет”, - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-февралда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

“Ош шаары региондогу эң байыркы шаарлардын бири, анын тарыхы өзгөчө, тогуз жолдун тоомунда жайгашкан. Түрк дүйнөсүнүн маданий очогу катары апрель айында Ош шаары түрк дүйнөсүнүн өкүлдөрүн кабыл алат. Бул чечимдин маданий жана саясий мааниси чоң. Өзүңүздөр жакшы билесиздер, акыркы жыйырма жылда Ош шаарында эки жолу коогалаң болду. Биз эми шаарыбыздын дүйнөлүк кадыр-баркы, маданий жана саясий имиджин көтөрүшүбүз керек”, - деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий