• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жээнбеков: Билимдүү жаштар менен өлкөбүздүн бардык тармагын өркүндөтөбүз

Президент 0

Бишкек, 08.07.19. /Кабар/. "Биз элибиздин билимдүү жаштары менен өлкөбүздүн бардык тармагын өркүндөтөбүз. Андыктан жаш муундардын татыктуу билим алуусуна, эмгектенүүсүнө шарттарды түзүү — приоритеттүү багытыбыз болуп саналат", — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-июлда, 2019-жылдын бүтүрүүчүлөрүнө алтын сертификаттарды тапшыруу аземинде.

Мамлекет башчысы жалпы бүтүрүүчүлөрдү мектепти ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, келечекте ийгиликтерди каалады.

"Кыргызстан — жогорку окуу жайга кирүүнү каалаган бүтүрүүчүлөрдү тестирлөөнү көз карандысыз мамлекеттик уюм аркылуу жүргүзгөн Евразиядагы биринчи өлкө. Белгилей кетүүчү нерсе — жалпы республикалык тестирлөөгө катышкандардын орточо баллы туруктуу өсүү тенденциясына ээ болду", - деди Сооронбай Жээнбеков.

Президенттин айтуусунда, бюджеттик негизде окуган студенттердин жетишүүсү кескин түрдө жогорулады.

"Эң негизги жыйынтык — жогорку билим алууга бардыгына бирдей мүмкүнчүлүк түзүлдү, бул системага ишеним жогорулады. Тесттерди пайдалануу — алыскы райондордун, айылдын бүтүрүүчүлөрүнүн жогорку билим алуусуна жакшы шарт түздү. Бүгүнкү салтанаттуу иш-чарада өлкөбүздүн бардык региондорунан келген жаштар бар экени мени кубандырат. Жалпы республикалык тестирлөө — ар бир бала үчүн анын жашаган жерине, үй-бүлөсүнүн кирешесине карабастан жогорку билим алууга бирдей мүмкүнчүлүк берет. Быйылкы жылдагы жалпы республикалык тестирлөөдө алтын сертификат жана эң жогорку балл алгандардын 57 пайызы региондордун бүтүрүүчүлөрү экенин канааттануу менен белгилейм", - деп президент баса белгилеп өттү.

Пикир

Оставить комментарий