• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чычкан суусуна кулаган унаадагы адамдардын үчүнчүсү изделип жатат

Кырсык 0

Бишкек, 08.07.19. /Кабар/. Чычкан суусуна кулаган унаадагы адамдардын үчүнчүсү изделип жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Министрликтен белгилешкендей, 2-июль күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 270-чакырымында Чычкан суусунда 22 жаштагы А.И. аттуу жигиттин жансыз денеси табылган. Анын жансыз денеси милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

4-июль күнү Чычкан суусунда жансыз денеси табылган баланын жанында 22 жаштардагы Ө.Б. жана М.Т. уулу аттуу эки жаш жигиттин бар болгондугу жана алар дагы дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

5-июль күнү "Хонда Фит" үлгүсүндөгү унаа, ал эми 6-июль күнү 22 жаштагы М. Т. уулунун жансыз денеси табылган.

Бүгүн үчүнчү баланы издөө иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий