ӨКМ: Кочкор районунда сууга чөгүп кеткен баланы издөө иштери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 01.10.20. /Кабар/. Кочкор районунда сууга чөгүп кеткен баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 7-августтунда Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылында Чу дарыясына 7 жашар бала чөгүп кеткен.

30-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында ӨКМнин куткаруучулары тартылган. Жыйынтык болгон эмес.

Бүгүн, 1-октябрь күнү издөө иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий