• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Баткен облусунун казысы имамдарга COVID-19 илдетинин алдын алуу чараларын күчөтүүнү тапшырды

Аймак 0

Бишкек, 01.10.20. /Кабар/. Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов облустун аймагында эпидемиологиялык кырдаал күч алып бараткандыгына байланыштуу имамдарга мечиттерди, медреселерди жумасына 2 жолу дезинфекциялоо иштерин дайым жүргүзүү жана мечитке келгендердин санитардык талаптарды так сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Тапшырмага ылайык, облус аймагындагы имамдар аткарган иштери боюнча жума сайын облустук казыятка маалымат берип турушмакчы.

Эскерте кетсек, Республикалык штабдын берген маалыматына ылайык, Баткен облусунда COVID-19 илдетинин жаңы учурлары көп катталууда. Бүгүн, 1-октябрга карата аталган облуста 77 бейтап вирус жуктуруп алган.

Пикир

Оставить комментарий