• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кеминде турак үйдөн өрт чыгып, бир аял жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 15.04.22. /Кабар/. Кеминде турак үйдөн өрт чыгып, бир 20 жаштагы аял киши жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кемин районунун Ильич айылында янты 70 чарчы метр болгон турак үйдүн 2 бөлмөсү жана чатыры толугу менен күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 2002-жылы туулган Б.Ж. аттуу аял киши жабыркап, тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген.

Маалым болгондой, өрттүн электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий