• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды

Президент 0

Бишкек, 16.05.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына болгон иш сапарларын улантууда. Бүгүн, 16-майда, Мамлекет башчысы эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Иш сапардын алкагында, 16-майда, Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылындагы дыйкан чарбасына, Түп райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна, Түп айылында курулуп жаткан спорткомплексине барып, Түп районунун жашоочулары менен жолугушат.

17-майда Мамлекет башчысы Балыкчы шаарындагы орто мектептерге барат, шаардын тургундары менен жолугушат, “Акылдуу шаар” жана Балыкчы шаардык мэриянын башка инновациялык долбоорлору менен таанышат.

Пикир

Оставить комментарий