• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош – Стамбул авиакаттамын кайра жандандыруу боюнча аракеттер жасалууда

Коом 0

Бишкек. 15.05.19 /Кабар/. Мурда жабылып калган Ош – Стамбул авиакаттамын кайра жандандыруу боюнча аракеттер жасалууда. Бул тууралуу Транспорт жана жол министринин орун басары Жеӊишбек Ногойбаев билдирди.

Жогорку Кеӊеште КР Өкмөтү менен Түркия Өкмөтүнүн ортосундагы аба каттамдарын орнотуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол жөнүндө ратификациялык мыйзамдын долбоору каралып, анын концепциясы биринчи окууда жактырылды.

Жеӊишбек Ногойбаевдин айтымында, жогоруда аталган келишимдин алкагында Ош – Стамбул авикаттамын ачуу демилгеси каралууда.

"Түрк тарап зарыл документтердин баарына кол койду, эми аны кыргыз тарап ратификациялоого тийиш", - деди Ногойбаев.

Депутаттар бул өтө маанилүү келишим экенин, айрыкча ишкерлерге оӊ таасирин тийгизе турганын белгилешти.

"Тилекке каршы, кыргыз-түрк авиакаттамдарындагы жүргүнчүлөрдүн басымдуу бөлүгү түрк жарандары болуп саналат, – деди депутат Бахадыр Сулейманов. – Менимче, өз жарандарыбыздын кызыкчылыгын коргоо жана колдоо максатында, мындан ары кыргыз жүргүнчүлөрү менен каттамдардын санын арбытууга, жолкире наркын азайтууга аракет жасаш керек. Ансыз алдыга жыла албайбыз".

Ал эми депутат Бактыбек Сыдыков Кыргызстандын жарандык авиация тармагы системдүү кризистен чыга албай жатканын айтты. "Кыргызстан эгемендик алгандан бери мамлекет тарабынан авиация тармагына жарытылуу жамдам бериле элек. Бир нерсени талап кылганга жараша, кандайдыр бир деӊгээлде жардам берилиши керек да. Ансыз жарандык авиациянын өнүгүшү кыйын", - деди ал.

Белгилей кетсек, ушу тапта түрк тарап Бишкек – Стамбул авиакаттамы боюнча аптасына 10 каттам жасоодо. Ал эми кыргыз тараптын авиакаттамдары жокко эсе.

"Эйр Кыргызстан" компаниясынын жалгыз гана жарактуу учагы бар. Азыр ушул келишимдин алкагында мурда жабылып калган Ош – Стамбул каттамын кайра жандандыруу жаатында аракеттер жасалууда.

Пикир

Оставить комментарий