• 89.43
  • 97.22
  • 0.97

Жээнбеков Эрдоганга кар көчкүнүн кесепетинен каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 07.02.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга жана Түркия элине Ван провинциясында кар көчкүнүн кесепетинен каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

«Ван провинциясында кар көчкүнүн кесепетинен көп сандаган жарандардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана жалпы Түркия элине терең көңүл айтам. Каза болгондордун жакындарынын орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм», — деп белгиленет көңүл айтуу телеграммасында.

Президент Сооронбай Жээнбеков бардык жабыр тарткандарга жана жаракат алгандарга тез айыгып кетүүнү каалады.

Пикир

Оставить комментарий