• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ивановка айылында жаш кыз уурулукка шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.02.20. /Кабар/. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун милиция кызматкерлери тарабынан уурулукка шектелип 26 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, милицияга Ысык-Ата районунун Ивановка айылынын 55 жаштагы тургуну кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 3-февраль күнү анын үйүнө кирип, алтын жасалгаларын уурдап кеткендерге карата чара көрүүнү суранган.

Аталган факт боюнча жерине ыкчам-иликтөө тобу жөнөтүлгөн.

Келтирилген материалдык зыян 100 миң сомду түзгөн. Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Милиция кызматкерлери шектүүнүн өздүгүн тактап, ал 26 жаштагы Л.Х., аттуу жаран болуп чыккан.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында шектүү кармалып, тергөө органдарынын кызматкерлерине өткөрүп берилген. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Пикир

Оставить комментарий