• 87
  • 90.43
  • 0.88

Жээнбеков КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. Бүгүн, 14-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттары жана келечеги, анын ичинде коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча биргелешкен чаралар, кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы аркылуу жүк агымдарын жандандыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Сооронбай Жээнбеков кыргыз тараптын пандемиянын жайылышын болтурбоо боюнча Кытай Өкмөтүнүн көрүп жаткан күч-аракеттерин, ошондой эле кытай эли көрсөткөн чыдамдуулукту жогору баалаганын белгиледи. Коронавирус инфекцисы менен күрөшүүгө берилген гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Инфекциянын макроэкономикалык кырдаалга тийгизген терс таасирин эске алуу менен Кытайдын алдындагы тышкы карыз боюнча төлөмдү жеңилдетүү жана төлөө мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуш кылды.

Тараптар түзүлгөн кырдаалда бири-бирине колдоо көрсөтүүдө өз ара тилектештигин жана даярдыгын билдиришип, илдет менен күрөшүү үчүн Кытайдан Кыргызстанга медициналык адистерди жөнөтүү боюнча макулдашышты.

КЭР Төрагасы Си Цзиньпин коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө Кыргыз Республикасынын аракеттерин колдоорун белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий