• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жээнбеков: Кыргыз-казак кызматташуусун бекемдөөгө бардык аракеттерди жумшайм

Саясат 0

Астана, 25.12.17 /Кабар/. Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө бардык аракеттерди жумшайм. Бул тууралуу Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен тар чөйрөдө жолугушууда Астанада расмий сапары менен жүргөн Кыргызстан башчысы Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Жолугушууда Жээнбеков Назарбаевге Казакстанга расмий сапар менен чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирди. “Сиз биздин аксакалыбыз, агабызсыз. Маселелерди талкуулоо үчүн чакырууңузга ырахмат”, - деди кыргыз лидери.

“Биздин боордош өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелерди, кудай буюрса, бекемдөө үчүн бардык аракеттерди көрөбүз”, - деди Жээнбеков.

Ал быйыл эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелерге 25 жыл толорун, Түбөлүк достук жөнүндө келишимге 20 жыл болгонун эскертти.

“Менин сапарым эки маанилүү күнгө туш келди. Сиз туура айттыңыз, дүйнөдө кыргыз менен казактай жакын эл жок. Биз боордош элбиз”,- де п кошумчалады Жээнбеков.

Назарбаев лидерлер келип кетээрин, ал эми эл каларын айтты. Анын айтымында, ар бир муундун милдети – элдердин достугун сактоо, чыңдоо жана кийинки муунга таза бойдон өткөрүп берүү.

Пикир

Оставить комментарий