• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Айдит Эркин ЕБнын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Терхи Хакала менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 13.01.23. /Кабар/. Кыргызстандын Европа Бирлигиндеги (ЕБ) туруктуу өкүлү болуп жаңыдан дайындалган Айдит Эркин менен ЕБнын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Терхи Хакала жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптардын жолугушуусу күн мурун, 12-январда Брюссель шаарында өткөн.

"Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу жана аймактык кызматташуу тууралуу кеңири талкуулашып, үстүбүздөгү жылга пландарды белгилешип жана өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты", - деп айтылат билдирүүдө.

Т. Хакала Айдит Эркинди миссиясынын башталышы менен куттуктап, бардык пландарды ишке ашырууда ийгиликтерди каалап, мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө салым кошууга даяр экенине ишендирди.

Өз кезегинде кыргыз тарап өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана өлкө жетекчилигинин демилгелери тууралуу маалымат берди. Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча стратегиясынын негизги компоненттеринин бири болгон экология жана жашыл экономика жаатындагы демилгелер өзгөчө баса белгиленип, ошондой эле жакынкы арада Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун өнөктөштөргө жана эл аралык финансылык өнүктүрүү институттарына айлана-чөйрөнү коргоо жана жашыл экономика боюнча кайрылуусу боюнча маек орун алды.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында тараптар саясий байланыштарды жогорку жана бийик деңгээлде уюштуруу боюнча тыгыз кызматташуу тууралуу макулдашууларга жетишти.

Мындан тышкары, элчи Айдит Эркин өзүнүн миссиясынын башталышына байланыштуу Европанын тышкы аракеттер кызматынын Протоколунун жетекчиси Т.Бешеге ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды.

Европалык дипломат анын дайындалышы менен куттуктап, жаңы дайындалган элчиге Брюсселдеги жооптуу миссиясында ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий