• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Дарактар мыйзамсыз кыйылган. Нарында кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.01.23. /Кабар/. Нарында 5 миңден ашуун түп даракты кыюуга мыйзамсыз уруксат берген кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын облустук прокуратурасы тарабынан Ысык-Көл-Нарын регионалдык башкармалыгында текшерүү жүргүзүлүп, анда 2019-2021-жылдар аралыгында башкармалыктын жооптуу кызмат адамдары кызматтык милдеттерин кыянаттык менен пайдаланып, жалпы суммасы 3 млн 700 миң сомду түзгөн 5 миң 785 түп даракты кыюуга мыйзамсыз уруксат беришкендиги аныкталды.

Натыйжада, экологияга зыян келтирүү менен токойлордун жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн азайышына алып келген.

Бул факты боюнча курчап турган чөйрөгө келтирилген зыянды өндүрүү жана күнөөлүү кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий