Бишкек, 24.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-августта Түркмөнстанга эки күндүк мамлекеттик визиттин алкагында Аралды сактоо эл аралык фондунун уюштуруучулары болгон мамлекеттердин башчыларынын Саммитине катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Өз сөзүндө Кыргызстандын Президенти мамлекеттик визит менен Түркмөнстанга келүүгө жана Аралды сактоо эл аралык фондунун уюштуруучулары болуп эсептелген мамлекеттердин башчыларынын Саммитине катышууга чакырганы үчүн Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухаммедовго дагы бир жолу ыраазычылык билдирди.
«Кыргыз тарап 2018-жылы 15-мартта Астана шаарында өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун жыйынтыктарын жогору баалайт. Бул жолугушууда биз улуттук күн тартибинде турган бардык маселелерди конструктивдүү нукта дыкат талкуулап, пикир алмаштык. Биздин макулдашууларды турмушка ашыруу максатында бир ай мурда, 20-22-июнда Кыргызстанда Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин көп жылдардан берки алгачкы толук форматтагы жолугушуусу болду. Ошентип, биз регионалдык кызматташууну илгерилетүү ¯ туруктуу мүнөзгө ээ боло баштады деп ишенимдүү айта алабыз», - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Ал регионалдык кооперациядан бардык өлкөлөр утушка ээ болорун, ал эми Борбор Азия дүйнөдөгү эң туруктуу жана гүлдөп-өнүгүп жаткан региондордун бири болуп каларын белгиледи.
«Бүгүнкү Саммитке катышуу менен мен Аралды сактоо эл аралык фондун комплекстүү реформалоо боюнча Кыргызстандын көз карашы менен жана келечекте Фонддун кандай болушун кааларыбыз тууралуу ойлор менен бөлүшкүм келет. 2016-жылы Кыргыз Республикасы Фонддун жана анын органдарынын ишмердигине катышууну токтото туруу чечимин кабыл алган. Буга азыркы көрүнүшүндө Аралды сактоо эл аралык фонду биздин өлкөнүн кызыкчылыктарына жана зарыл керектөөлөрүнө жооп бербегендиги түрткү болду», - деп белгиледи Президент жана 2009-жылы Алмата шаарында өткөн мындан мурунку Саммитте кыргыз тарап Фондду реформалоо зарылчылыгы, анын ичинде Фонддун натыйжасыз органдарын кыскартуу тууралуу позициясын билдиргенин эске салды.
«Бирок, мамлекет башчыларынын Фонддун тутумун жана келишимдик-укуктук базасын өркүндөтүү тууралуу чечимине карабастан, бул чөйрөдө кандайдыр бир прогресс болгон жок», - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Ал адегенде региондогу бардык мамлекеттердин кызыкчылыктарын эске алуу менен Арал деңизинин бассейниндеги программаларды жана долбоорлорду каржылоо жана насыялоочу Фонд катары түзүлгөн Аралды сактоо эл аралык фондунун түзүлгөнүнө быйыл 25 жыл толгонун белгиледи. Ушул жылдар арасындагы Фонддун органдарынын ишмердигинин натыйжалуулугун ар тараптан талдоочу мезгил келди. Арал деңизинин бассейниндеги өлкөлөргө жардам берүү боюнча аракеттердин биринчи, экинчи жана үчүнчү Программаларын ишке ашырууга баа берүү, финансы каражаттары к айда жумшалганын жана региондогу бардык өлкөлөрдүн кызыкчылыктары канчалык адилет жана тең салмактуу эске алынганын изилдеп чыгуу керек.
«Азыр Фонддун ченемдик укуктук документтеринде карама-каршылыктар бар, анын аткаруу органдарынын тутумунун натыйжасы жок. Фондго тартылган финансылар боюнча отчеттуулуктун ачык-айкын механизмдери жок, Фонддун уставдык органдарын жайгаштыруу орундары тең салмактуу эмес, ошондой эле алардын көп жылдар бою иштеп келатышкан жетекчилерин ротациялоо механизми жок», - деди Президент.
Ал Аралды сактоо эл аралык фондунун ишмердиги суу ресурстарын ирригация жана экология үчүн пайдаланууга багытталган, бирок, сууну башка максаттарда, анын ичинде гидроэнергияны иштеп чыгууга пайдалануу эске алынган эмес. Бул ХХ кылымдын 90-жылдарында иштелип чыккан жана иш жүзүндө Борбор Азиянын айрым өлкөлөрүнүн айыл чарбасынын муктаждыктарын гана чагылдырган регионалдык кызматташтыктын эски ченемдик укуктук базасы менен түшүндүрүлөт.
«Ошону менен бирге, Арал кризиси – бул сууну көп талап кылган өсүмдүктөрдүн аянтын ыксыз көбөйтүп, анын натыйжасында сугат үчүн сууну өтө көп пайдалануудан улам келип чыккан көрүнүш экенин биз баарыбыз эң жакшы билебиз. Аралды сактоо эл аралык фондундагы ушундай абал Кыргызстанды Арал деңизинин бассейниндеги өлкөлөргө жардам берүү боюнча аракеттердин үчүнчү Программасына Борбор Азияда суу-энергетикалык ресурстарды комплекстүү пайдаланууну өнүктүрүү боюнча өз сунуштарын киргизүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратты. Жыйынтыгында Фонддун алкагында кыргыз тарап сунуш кылган бир дагы гидроэнергетикалык долбоор колдоого ээ болгон эмес», - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
«Ошол эле учурда гидроэнергетика суу ресурстарын коромжуга учуратпасы жалпыга белгилүү. Андан калса, ушул жылдар ичинде Аралды сактоо эл аралык фондунун алкагында Кыргызстандын территориясында бир дагы ирригациялык долбоор ишке ашырылган эмес. Бул көп нерседен кабар берет. Ошондой эле Борбор Азия мамлекеттеринин Аралды сактоо эл аралык фондуна мүчөлүк акы төлөө шкаласын да кайра карап чыгуу зарыл», - деп белгиледи Президент.
Ал жогору жакта жайгашкан өлкөлөрдүн дос кошуна мамлекеттердин муктаждыктары үчүн сугат сууларын топтогону боюнча Аралды сактоо эл аралык фондунун алкагында компенсациялык механизмдер каралбаганын белгиледи. Мындай өз ара пайдалуу кызматташуу практикасы дүйнөдө ийгиликтүү ишке ашууда.
Сооронбай Жээнбеков Борбор Азияда совет мезгилинде пландуу экономиканын негизинде кабыл алынып калган суу бөлүштүрүү боюнча чектемелерге (лимитке) байланыштуу маселе да күн тартибинде турганын белгиледи. Ал кезде айрым республикаларда агрардык сектордун өнүгүүсү чектелип, аларга азык-түлүктөрдү жана кубаттуулуктарды алып жүрүүчү заттарды компенсациялык негизде берүү киргизилген болчу.
Азыркы учурда суу бөлүштүрүү боюнча мурдагы система азыркы реалдуулукка жооп бербейт жана региондогу өлкөлөрдүн туруктуу өнүктүрүүнү эске алуу менен кайра карап чыгууну талап кылат. Сууну пайдалануу чөйрөсүндөгү көпчүлүк маселелер региондогу өлкөлөр ортосунда эки тараптуу же үч тараптуу негизде Аралды сактоо эл аралык фондунун алкагынан тышкары чечилери жашыруун эмес.
Ушуга байланыштуу Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз тарап суу жана энергетикалык ресурстарды пайдалануунун компенсациялык механизми каралган 1998-жылдын 17-мартындагы Нарын-Сырдарыя дарыясынын бассейниндеги суу-энергетикалык ресурстарын пайдалануу жөнүндө Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан Өкмөттөрүнүн ортосундагы Келишимдин алкагында кызматташууну жандандырууну жактай турганын билдирди.
«Бул Келишим Аралды сактоо эл аралык фондунун алкагынан тышкары кабыл алынган, 2006-жылга чейин ийгиликтүү иштеген жана бүгүнкү күнгө карата юридикалык күчүн жогото элек. Биз ушул келишимдин негизинде өз ара пайдалуу кызматташууну өркүндөтүүнү сунуш кылабыз. Глобалдык деңгээлде жүрүп жаткан климаттын өзгөрүүлөрү суу ресурстарына өзгөчө таасир этип жаткандыгы да региондогу кырдаалды тереңдетүүдө. Окумуштуулардын жана адистердин божомолу мөңгүлөрдүн аянтынын кыскарышын жана 2025-2030-жылдарга карата дайралардагы суунун көлөмүнүн көб өйүшүн көрсөтүүдө. Климаттын глобалдык өзгөрүүсү биздин региондогу суу пайдалануу чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү улам тереңдетүүдө. Ошондуктан Борбор Азиянын жогору жагындагы өлкөлөрдө мөңгүлөрдү сактоого багытталган инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу маанилүү», - деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.
Ал Кыргыз Республикасы Аралды сактоо эл аралык фондун Борбор Азиядагы бардык мамлекеттердин кызыкчылыктарын эске алуу менен комплекстүү реформалоону жактай турганын белгиледи. Бул реформанын максаты – Борбор Азиянын бардык мамлекеттеринин кызыкчылыктарын жана алардын зарыл керектөөлөрүн бирдей эске алуу.
Сооронбай Жээнбековсунуш кылынган практикалык чараларды санап өттү.
Биринчиден, Фонд адегендетүзүлгөндөйжанаиштегендей, суну пайдалануу чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн финансы каражаттарын жана инвестицияларды чогултуп, иштетүү боюнча Фонд болушу керек. Долбоорлор аймактагы бардык мамлекеттердин социалдык-экономикалык жана туруктуу өнүгүүсүнө багытталууга тийиш.
Экинчиден, Кыргызстан Мамлекеттер аралык координациялык суу чарбалык комиссияны жана Туруктуу өнүктүрүү боюнча мамлекеттер аралык комиссияны жана алардын аткаруу органдарын Аралды сактоо эл аралык фондунун тутумунан чыгарууну сунуш кылат.
Алардын ордуна суу-энергетикалык ресурстарды комплекстүү пайдаланууну камсыз кылуучу жана гидроэнергетика менен туруктуу өнүгүү аспектилерин эске алган жаңы органдарды түзүү мүмкүнчүлүгү каралсын.
Үчүнчүдөн, Аралды сактоо эл аралык фондунун Аткаруу комитетинин Борбор Азия мамлекеттериндеги филиалдары жоюлсун. Алардын ордуна Аралды сактоо эл аралык фондунун Аткаруу комитетинин алдындагы Борбор Азия мамлекеттеринин өкүлчүлүктөрү институтун киргизүү керек.
Төртүнчүдөн, Аралды сактоо эл аралык фондунун Ревизиялык комиссиясын жоюу. Фонддун финансы ишмердигин текшерүү көз карандысыз аудит негизинде жүргүзүлүшү керек.
Бешинчиден, Аралды сактоо эл аралык фондун уюштуруучу мамлекеттердин мүчөлүк акы төлөө системасын региондогу мамлекеттердин керектөөлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен кайра карап чыгуу. Мүчөлүк акы төлөө ыктыярдуу негизде болушу керек.
Алтынчыдан, Фондду реформалоодо БУУ, ШКУ ж.б. сыяктуу эл аралык уюмдардын тажрыйбасын эске алуу.
Жетинчиден, Аралды сактоо эл аралык фондунун келишимдик-укуктук базасын инвентаризациялоо жана жогоруда айтылган сунуштарга шайкеш келтирүү максатында Фонддун тутумун ылайыкташтыруу (оптимизациялоо).
Мамлекет башчысы кыргыз тараптын демилгеси менен быйыл 28-29-июнда Бишкек шаарында Фондду реформалоо боюнча региондун өлкөлөрүнүн эксперттеринин консультациясы өткөнүн эске салды.
«Бардык маселелерди ар тараптан карап чыгып, бардыгына ылайыктуу чечимдерди кабыл алуу максатында Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн эксперттеринин деңгээлиндеги бул ишти Аралды сактоо эл аралык фондунун Аткаруу комитетинин алкагынан тышкары улантуу маанилүү деп эсептейбиз», - деди Сооронбай Жээнбеков жана Борбор Азияда суу-энергетикалык ресурстарды комплекстүү пайдалануу боюнча өз ара пайдалуу кызматташуу максатында региондогу өлкөлөр ортосундагы туруктуу диалогдун жана өз ара активдүү аракеттенишүүнүн маанисин баса белгиледи.
«Жогоруда баяндалган өзгөчө позициябызды эске алуу менен кыргыз тарап Саммиттин жыйынтыктоочу документтерин, анын ичинде Биргелешкен коммюникени кароого жана кабыл алууга катышпай турганын белгилегим келет. Борбор Азия мамлекеттери жогоруда мен белгилеп өткөндөй, Фондду жана анын органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Борбор Азиядагы бардык мамлекеттердин кызыкчылыктарын жана зарыл керектөөлөрүн эске алуу менен Аралды сактоо эл аралык фондун ар тараптан реформалайт деп ишенем. Ошондон кийин кыргыз тарап Фонддко толук форматта катышууну жандандырууга даяр», - деп белгиледи Мамлекет башчысы.
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасы биздин өлкөлөрдүн жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн Борбор Азияда туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу максатында суу-энергетикалык маселелердин бардык спектрлерин талкуулоо үчүн ар дайым ачык экенин баса белгиледи.
Пикир
Оставить комментарий