• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстан БА өлкөлөрү ортосундагы кызматташууну бекемдөөгө чоң маани берет - Жээнбеков

Президент 0

Бишкек, 29.11.19. /Кабар/. Кыргызстан Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы кызматташууну бекемдөөгө чоң маани берет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда, Ташкент шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусунда билдирди.

Мамлекет башчысы Кыргызстан системалуу саясий диалогду беш тараптуу форматта өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

"Ийгиликтүү аймактык кызматташуу биздин көйгөйлөрдү чечүүдө конкреттүү жыйынтыктарга жетишүүгө жана биздин элдердин жыргалчылыгын жакшыртууга мүмкүндүк берет. Достуктун жана ынак кошуналык мамилелердин негизинде туруктуу, ачык жана динамикалуу өнүгүү үчүн бизде бардык зарыл өбөлгөлөр бар деп ишенем. Биз баарыбыз Россия Федерациясы менен тыгыз мамиле куруп келебиз. Аны менен ар кандай саясий жана экономикалык форматтарда өз ара аракеттенишүүдөбүз", - деди Жээнбеков.

Президент БУУ, КМШ, ЖККУ, ЕАЭБ, ШКУ жана башка түзүмдөрдүн алкагында биз окшош позициялар менен чыгып жатканыбызды канааттануу менен белгилейм, - деди.

"Аймактын кызыкчылыгын биргелешкен өз ара ишеним жана колдоо менен эл аралык жана аймактык уюмдарда жылдыруу керек. Биздин өлкөлөрдүн ортосунда Борбордук Азияда кызматташуунун механизмин реформалоо боюнча туруктуу аянтча түзүлө баштаганын толук ишеним менен айтса болот. Бул жолугушууларда аймактык өнөктөштүк маселелердин бардык спектрин чечишибиз керек", - деп кошумчалады Кыргызстандын президенти.

Пикир

Оставить комментарий