Нур-Султан, 29.05.19. /Кабар/. Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин тышкы чектеринде ачык-айкын жана объективдүү бажы көзөмөлүнө кызыкдар. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн Казакстандын борборунда өтүп жаткан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кеңейтилген отурумунда билдирди.
"Акыркы кездери бизге карата бажы төлөмдөрүн жашыруу боюнча сын айтуулар көп болууда. Биз Биримдиктин тышкы чектеринде ачык-айкын жана объективдүү бажы көзөмөлүнө кызыкдарбыз. Мындан улам Евразиялык экономикалык комиссиясы жана ЕАЭБдин мүчөлөрүнүн ичинен кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен "үч тараптуу" бажы көзөмөлүн алып барууну сунуштайм. Биргелешкен көзөмөлдүн жыйынтыктары жана тыянактары кеңири коомчулук үчүн ачык болушу керек. Мындай процедура бир өлкөнүн экинчи өлкөгө карата дооматтарын жокко чыгармак", - деди ал.
Ошондой эле мамлекет башчы, Биримдиктин укуктук базасын жакшыртуу аркылуу иштеп жаткандар үчүн жакшы шарттарды түзүү иштерин улантуу керек деп эсептейт.
Анын айтымында, ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу да олуттуу багыттардын бири.
"Биздин Биримдиктин натыйжалуулугу, башка өлкөлөр менен да, биримдиктин мүчөлөрү ортосунда да тең ата атаандаштык шарттарын түзө алганыбызга көз каранды. Бирок, кедерги менен чектөөлөрдүн өсүп жатканы байкалат. Бул жагынан Кыргызстан аларды жоюу боюнча системалык ишти жактайт", - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий