Жээнбеков: Кыргызстан көп этностуу жана көп конфессиялуу мамлекет

Президент 0

Бишкек, 21.11.19. /Кабар/. «Кыргызстан көп этностуу жана көп конфессиялуу мамлекет болуп саналат. Бизде диний чөйрөнүн эркин өнүгүүсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн, абийир экиндигин жана дин тутуу эркиндигин камсыз кылуу мамлекет тарабынан кепилденет. Конституция боюнча мамлекетибиз светтик багытта туруктуу өнүгүүгө багыт алган», — деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-ноябрда, Бишкек шаарында өтүп жаткан «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» эл аралык конференциясында.

«Ошол эле учурда биз баарыбыз дин коом турмушунун маанилүү бөлүгү экенин так түшүнүшүбүз керек, ошондуктан, мамлекет бул чөйрөдөн четтеп кете албайт. Мамлекет мамлекеттик-конфессиялык өнөктөштүк үчүн, ар кандай конфессиялардын карым-катнашта жашоосу үчүн шарттарды түзөт. Өз кезегинде диний лидерлер да мыйзам алкагында өлкөнү өнүктүрүүгө көмөктөш болуп, коомубуздагы тынчтык жана туруктуулук үчүн жоопкер болушу керек», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал биз бардыгыбызды бириктирген факторлорду, салттуу маданияттарды сактоого умутулушубуз зарыл экенин баса белгиледи. Азыркы реалдуулуктарды эске алуу менен мамлекет менен диндин конструктивдүү кызматташтыгын камсыз кылуу керек. Элибиз үчүн жат көрүнүштөргө жана идеяларга каршы биргелешип аракеттенүүгө тийишпиз.

«Мына ушул максатта диний маселелерди талкуулоо жана сунуштамаларды иштеп чыгуу үчүн биздин бардык өлкөлөрдүн мамлекеттик кызматкерлеринин, диний ишмерлеринин жана эксперттеринин катышуусу менен туруктуу иштей турган платформаны түзүүнү сунуш кылам. Бүгүнкү конференция ушул платформаны ишке киргизүү үчүн кызмат кылат деп үмүттөнөм. Конференциядагы баяндамалар жана дискуссиялар, анын жыйынтыктары конфессиялар ортосундагы диалогду жакшыртууга жана коомубуздагы тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөөгө өбөлгө болоруна ишенем», — деп баса белгиледи Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий