Бишкек, 12.11.19. /Кабар/. Тышкы саясаттын жаңы концепциясына ылайык, Кыргызстан көп векторлуу, тең салмакталган жана прагматикалык тышкы саясатты жүргүзүүнү көздөйт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине 75 жыл. Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташуусунун жыйынтыктары жана келечеги" форумунда билдирди.
Мамлекет башчысы билдиргендей, акыркы эки жылдын ичинде коңшу өлкөлөр, союздаштар жана стратегиялык өнөктөштөр менен өз ара кызматташтыгыбызды бекемдөөгө багытталган олуттуу иштер жүргүзүлүүдө. Борбордук Азия өлкөлөрүнө - Казакстанга, Өзбекстанга, Тажикстанга, Түркмөнстанга расмий визит жасалды.
"Россияга, Кытайга, Түркияга, Евросоюзга болгон мамлекеттик жана расмий иш-сапарлар позитивдүү натыйжаларды берди. Россия Федерациясы биздин союздашыбыз жана стратегиялык өнөктөшүбүз. Эмдиги жылы биз Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россиянын Кыргызстандагы жылдарын өткөрөбүз. Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмундагы, Түрк кеңешиндеги төрагалыгы жемиштүү жыйынтыктарды берди. Эми Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмундагы төрагалыгыбызды ийгиликтүү өткөрүү - өзгөчө мааниге ээ. Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында биздин улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүү негизги максатыбыз болушу керек. Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдө биздин жарандарыбыздын жашоо жана иштөө шарттары жакшырууда. Биз ЕврАзЭСке мүчө болгондон бери, республикабыздын пайдасына багытталган бир катар ийгиликтерге жеттик. Биримдиктин потенциалын максималдуу колдонуу үчүн зарыл болгон иштерди улантабыз. Кытай Эл Республикасынын «Бир алкак - бир жол» демилгесинин алкагындагы артыкчылыктардын биздин мамлекетибиз үчүн мааниси чоң", - деди ал.
Биз Кытай менен Евразиялык экономикалык биримдиктин ортосунда, стратегиялык орунда жайгашканбыз. Бул факторду өлкөбүздү өнүктүрүү үчүн толук кандуу мүмкүнчүлүктөр бар, - деп кошумчалады өлкө башчысы.
"Евросоюз менен биздин конструктивдүү кызматташтыгыбыз - азыркы учурда жогорку деңгээлде. Индия, Япония, Корея, Араб өлкөлөрү жана Америка менен болгон карым-катнашыбызды өркүндөтүү боюнча иштерди улантабыз", - деп айтты президент.
Пикир
Оставить комментарий