• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Коррупция менен күрөшүүдөн өлкөгө 7,4 млрд сом кайтарылды – президент

Президент 0

Бишкек, 23.10.21. /Кабар/. Коррупция менен күрөшүү – бул элдин талабы, азыр коррупцияга ким аралашканына, кандай кызматта отурганына карабай күрөш жүрүп жатат. Бул тууралуу КР президенти Садыр Жапаров маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Анын айтымында, 854 кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп, коррупцияга каршы күрөштөн кайтарылган каражаттын суммасы 7 миллиард 464 миллион сомду түздү.

«Коррупция менен күрөшүү жана бизнести колдоо максатында Коррупцияга каршы ишкердик кеңеши түзүлдү», - деди ал.

Белгилей кетсек, учурда Бишкекте «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ири маалымат жыйыны өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий