• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун маалымат жыйыны башталды

Президент 0

Бишкек, 23.10.21. /Кабар/. Бишкекте «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ири маалымат жыйыны башталды.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берип жана ЖМК өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берет.

Белгилей кетсек, иш-чарага 150гө жакын ата мекендик жана чет элдик маалымат каражаттары аккредиттелген.

Маалымат жыйыны КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын, ошондой эле социалдык түйүндөрдүн баракчаларында түз эфирде чагылдырылууда.

Пикир

Оставить комментарий