• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ильхам Алиев кыргыз элин жана Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 23.05.20. /Кабар/. Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

«Жеке өзүмдүн атыман жана Азербайжан элинин атынан Сизди жана Сиздин элиңизди Исламдын жогорку баалуулуктарын, рухий аруулукту, мээримдүүлүктү даңазалаган ыйык Рамазан майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Учурдан пайдаланып, Сизге бекем ден соолук, ишиңизге ийгиликтерди, ал эми бир тууган Кыргыз Республикасына тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий