• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент спортчулар Рустамбек уулу Нурадинге жана Амантур Исмаиловго батир берди

Президент 0

Бишкек, 27.10.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров спортчулар Рустамбек уулу Нурадинге жана Амантур Исмаиловго батир берди.

Аларга күн мурун Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” стадионунда Шаар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы ачкычтарды тапшырды.

Садыр Жапаров спортчулардын талыкпаган эмгегин баалоо, колдоо - мелдештерде жеңишке жетүү, жаштарды спортко тартууну пропагандалоо максатында жасалып жатканын белгиледи. Улан-кыздар спорттун кайсы бир түрүнөн өлкөнүн желегин эл аралык аренада бийик көтөрүп, даңазалаган чемпион, залкар инсан болууга умтулушса, жакшы болот, деп дени сак болууга үндөдү.

Белгилей кетсек, боксчу Нурадин Рустамбек уулу — жаштар арасында Азиянын эки жолку чемпиону, ал эми грек-рим стилиндеги спортчу Амантур Исмаилов Дүйнө чемпионатынын коло байге ээси.

Пикир

Оставить комментарий