• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү $313 млн түздү

Экономика 0

Бишкек, 27.10.23. /Кабар/. 2023-жылдын январь-августунда Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы тышкы соода жүгүртүү 313 млн долларды түздү. Бул тууралуу КР Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен экспорт 61,6 млн доллар, импорт 251,5 млн доллар.

Экспорт:

- жемиштер - 23,8 млн доллар,
- балык - 12,3 млн доллар,
- жашылчалар - 9 млн доллар,
- сүт жана сүт азыктары - 5 млн доллар,
- дан эгиндеринен жасалган даяр азыктар - 5 млн доллар.

Импорт:

- дан эгиндери - 35,6 млн доллар,
- май жана жаныбарлардан алынган майлар - 28,8 млн доллар,
- дан эгиндеринен жасалган даяр азыктар - 28,3 млн доллар,
- жашылчалар - 11,1 млн доллар,
- алкоголдук жана алкоголсуз продукциялар - 13,9 млн доллар,
- сүт жана сүт азыктары - 8,7 млн доллар,
- эт жана эт азыктары - 7,5 млн доллар,
- кофе жана чай - 4,3 млн доллар.

Пикир

Оставить комментарий