• 84.8
  • 96.12
  • 1.11

Статком: Тикелей чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүүсү 26,4 пайызга көбөйдү

Экономика 0

Бишкек, 07.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын январь-сентябрында 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү агымы 26,4% көбөйдү жана 503 млн АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, тикелей чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндө өткөн жылдын 9 айына салыштырмалуу, бардык түзүүчүлөрдөн келип түшүүсүнүн көбөйгөндүгү белгиленди, менчик капиталдын төлөмдөрүнөн башка, алардын көлөмдөрү 2,6 эсеге кыскарды.

Январь-сентябрда тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүүсү

Нет описания.

- Чыгып кетүү агымын эсептебегенде

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (96% жакыны) геологиялык чалгындоо ишканаларына, иштетүү өндүрүш, пайдалуу кендерди казуу, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө, дүң жана чекене соодага, ошондой эле маалымат жана байланышка багытталган. Муну менен бирге, багытталган инвестициялардын көлөмү геологиялык чалгындоого – 2,7 эсеге, дүң жана чекене соодага – 1,5 эсеге, пайдалуу кендерди казуу – 1,3 эсеге, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө – 20,6% көбөйдү, ошол эле убакта иштетүү өндүрүштөрүнүн ишканаларына инвестициялар – 21,6%, маалымат жана байланышка – 6,6% төмөндөдү.

КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмдөрү 2020-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 12,0% көбөйдү, бул негизинен, алардын Люксембургдан 11,6 эсеге (финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу), Германиядан 11,4 эсеге (иштетүү өндүрүшү, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу), Түркиядан – 2,9 эсеге (пайдалуу кендерди казуу, иштетүү өндүрүшү, дүң жана чекене соодага – 1,5 эсеге), Улуу Британиядан – 2,3 эсеге (геологиялык чалгындоого), Кипрден – 2 эсеге (иштетүү өндүрүшү), Кытайдан – 22,3% (геологиялык чалгындоо, дүң жана чекене соодага), Швейцариядан – 1,7 эсеге (маалымат жана байланыш) жана Нидерланддан – 4,9% (иштетүү өндүрүшү, финансылык ортомчулук жана камсыздандуу) өсүшүнүн эсебинен жүрдү.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүндөгү эң чоң салыштырма салмак Кытайга (27,6%), Түркияга (16,0%), Улуу Британияга (10,5%), Нидерландга (9,9%) жана Германияга (5,1%) туура келет.

КМШ өлкөлөрүнөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшкөн көлөмү 2020-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 2,4 эсеге көбөйдү, бул негизинен алардын Беларусиядан 18,4 эсеге (дүң жана чекене соода ишканаларына), Россиядан 4,7 эсеге (иштетүү өндүрүшү, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен касыздоо (жабдуу), курулуш, дүң жана чекене соода), Азербайжандан 1,9 эсеге (саламаттыкты сактоо) жана Казакстандан 1,4 эсеге (пайдалуу кендерди казуу, иштетүү өндүрүшү, дүң жана чекене соода, саламаттыкты сактоо) алардын өсүшүнүн эсебинен болду.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 2020-жылдын 9 айынына салыштырмалуу Ош ш. – 5,6 эсеге, Ош облусунун – 3,3 эсеге, Жалал-Абад облусунун – 2,9 эсеге, Талас облусунун ишканаларына – 1,8 эсеге, жана Бишкек шаарынын ишканаларына – 1,3 эсеге көбөйдү.

Өткөн мезгилде келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүндөгү эң чоң салыштырма салмак Жалал-Абад облусунун ишканаларына – 37% жакыны, Бишкек шаарынын ишканаларына - 33% ашыгы, Чүй облусунун ишканаларына - 17%, ошондой эле Талас облусунун – 9% жакыны туура келди.

2020-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 20,3% кыскарды жана 572,8 млн. АКШ долларын түздү. Муну менен бирге, чыгып кетүү агымы келип түшүү агымынын деңгээлинен 69,3 млн. долларга ашты.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндө 2020-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу бардык түзүүчүлөрдөн чыгып кетүү агымынын төмөндөшү белгиленди, менчик капиталдын төлөмдөрүнөн башка, чыгып кетүү агымы 3,5 эсеге көбөйдү, ошондой эле кайра инвестицияланган пайданын – 17,5% көбөйгөнү (анын көлөмү ишкананын бөлүштүрүлбөгөн пайдасынан (чыгашасынан) жана төлөнгөн дивиденддерге жараша болот) белгиленди.

Январь-сентябрда тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы

Нет описания.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги чыгып кетүү агымы (92% ашыгы) иштетүү өндүрүшү, геологиялык чалгындоо, дүң жана чекене соода ишканаларына, ошондой эле пайдалуу кендерди казуу ишканаларында байкалды. Муну менен бирге, инвестициялардын чыгып кетүү агымы иштетүү өндүрүшүнөн 2,4 эсеге көбөйсө, ал эми пайдалуу кендерди казуу ишканаларынан, тескерисинче, 3,8 эсеге, геологиялык чалгындоо чөйрөсүндө – 3,6 эсеге, дүң жана чекене соода 3,2% төмөндөдү.

КМШдан тышкаркы өлкөлөргө тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 2020-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 21,5% төмөндөдү, бул негизинен, алардын Корея Республикасына 13,3 эсеге, Германияга - 8,8 эсеге, Улуу Британияга – 4,4 эсеге, Кытайга - 2,4 эсеге, Швейцарияга - 2,9 эсеге жана Түркияга - 1,3 эсеге төмөндөшүнүн эсебинен болду. Муну менен катар, инвестициянын Канадага чыгып кетүү агымы - 27,7 эсеге, Нидерландга – 9,7 эсеге көбөйдү.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымынын жалпы көлөмүндөгү эң чоң салыштырма салмак Канадага (40,8%), Кытайга (32,2%), Түркияга (4,7%) жана Улуу Британияга (3,6%) туура келет.

КМШ өлкөлөрүнө тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 9,8% төмөндөдү, бул инвестициялардын Казакстанга (2,2 эсеге) кыскарышынын эсебинен болду. Муну менен катар, Россияга 5,7% чыгып кетүү агымы көбөйдү.

2020-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу Ысык-Көл облусунан, ощондой эле Бишкек жана Ош шаарларынан башка, көбүнчө бардык региондордо тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымынын төмөндөгөнү белгиленди.

Үстүбүздөгү жылдын 9 айында чыгып кеткен тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмүндөгү эң чоң салыштырма салмак Ысык-Көл облусунун ишканаларына – 41% ашыгы, Бишкек шаарынын ишканаларына – 23%, Чүй облусунун ишканаларына – 23% жакыны, ошондой эле Жалал-Абад облусунун ишканаларына – 12% жакыны туура келди.

Пикир

Оставить комментарий