• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2017-жылдын жыйынтыгы боюнча 454 миңден ашун салык төлөөчүлөр БСД тапшырышты – МСК

Экономика 0

Бишкек, 28.06.18. /Кабар/. 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча 454 миң 767 салык төлөөчүлөр Бирдиктүү салык декларациясын (БСК) тапшырышкан. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйындын жүрүшүндө Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров билдирди.

Анын айтымында, тапшырылган декларацияынын ичинен 41 миң 708 – уюмдар, 203 миң 622 – жеке ишкерлер, 132 миң 265 – жеке жактар, 48 миң. 862 – кирешелери жок жеке жактар.

“Статистика жыл сайын БСДны тапшырган салык төлөөчүлөрдүн көбөйгөндүгүн көрсөтүп турат. Алсак, 2018-жылы 35 миң. 879 салык төлөөчүлөр декларация тапшырышкан, бул 2017-жылга салыштармалуу көп. Ал эми 2016-жылга салыштырмалуу 2017-жылда 29 миң. 494 көп”, - деп билдирди ал.

Бул жылдагы жаңылык болуп ушул жылдан тартып мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кирешелери жөнүндө декларацияларын салык органдарына электрондук түрдө гана бере башташты.

Пикир

Оставить комментарий