• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Май айында мамлекеттик карызды төлөөгө дээрлик 1,7 млрд сом жумшалган

Экономика 0

Бишкек, 05.06.20. /Кабар/. Өткөн май айында республикалык бюджеттин ведомстволук классификация боюнча кассалык чыгашасы 9 млрд 860,3 млн сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин билдиришти.

Борбордук казыналыктын маалыматы боюнча, 9 млрд 860,3 млн сомдун ичинен бюджеттик уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акысына 2 млрд 398,5 млн сом, калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө 810,9 млн сом, социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө 3,2 млн сом бөлүнгөн.

Андан тышкары мамлекеттик (ички жана тышкы) карызды төлөөгө 1 млрд 697,3 млн сом жумшалган. Калган каражаттар башка багыттар боюнча чыгымдалган.

Пикир

Оставить комментарий