• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Александр Мурычев: “ЕАЭБ менен Жибек жолу долбоорунун кызматташтыгы – узак жылдарга өнөктөштүк”

Экономика 0

Бишкек, 25-апрель /Салтанат Абдраева-Кабар/. Евразия экономикалык биримдиги менен Жибек жолу долбоорунун кызматташтыгы – узак жылдарга өнөктөштүк болуп саналат. Бул тууралуу бүгүн Россиянын өндүрүшчүлөр жана ишкерлер бирикмесинин вице-президенти, экономикалык илимдердин доктору Александр Мурычев Бишкекте өтүп жаткан “Жибек жолунун экономикалык алкагын өнүктүрүү – кызматташтыкты күчөтүү” эл аралык экономикалык форумунда билдирди.

Ал белгилегендей, бүгүнкү форум – өзгөчө маанилүү маселе. “Күн тартибинде барынан мурда Кытай менен соода кызматташтык маселеси турат. Бул алдыга карай узак жылдарга келечектүү кызматташтык. Кытай кесиптештер Евразия экономикалык комиссиясы менен тыкыс иштешип жатат. Биргеликте ЕАЭБ жана Жибек жолунун экономикалык алкагы долбоорлорунун алкагында мониторинг жана экспертиза боюнча көп иштер жасалды. Жүздөн ашык долбоор экспертизада турат. Бул оор иш, ал мындан ары дагы улантылат жана биз аларды кабыл алабыз”,-деди А.Мурычев.

Ошондой эле, экономист бул өтө маанилүү жагдай жана олуттуу кадам экенин белгиледи. “Кытай аталган долбоорду инвестициялоо боюнча өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кандай күчтөндүрүп жатканы көрүнүп турат. Биз муну байкап жатабыз жана “Жибек жолунун экономикалык алкагы” долбоору менен кызматташууну каалайбыз”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий