• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ИДПнын көлөмү 2019-жылда 4%дык өсүш менен бекитилип жатат – премьер

Экономика 0

Бишкек, 14.11.19. /Кабар/. ИДПнын көлөмү 600,6 млрд сомду түзүп, 2018-жылга салыштырмалуу 4%дык өсүш менен бекитилип жатат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Белгилей кетсек, учурда парламентте “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралууда.

Өкмөт башчы маалымдагандай, башында ИДПнын 2019-жылга бекитилгени 604,7 млрд сом болчу. 2018-жылы 557,1 млрд сомго аткарылган.

"Негизги себеби: 2019-жылдагы ИДПнын дефлятору (4,2%) бекитилген деңгээлден 0,5%га төмөндөп, 3,7 %ды түзүүдө. 2018 ИДПнын дефлятору – 1,5% түзгөн", - деди ал.

Абылгазиев билдиргендей, жаңыртылган макроэкономикалык прогноздун негизинде 2019-жылдын бюджетине өзгөртүүлөр киргизилип жатат.

"Бюджеттин негизги параметрлери: Киреше бөлүгү 155,3 млрд сомдун тегерегинде болжолдонуп жатат, бул бекитилген бюджеттен 3,6 млрд сомго көптүк кылат, бекитилгени – 151,7 млрд сом болчу. Бирок 2018-жылга (135 млрд сом) салыштырмалуу 19 млрд сомго көбөйдү. Чыгашалар 165,3 млрд сомдун тегерегинде болжолдонду. Бул 3,4 млрд сомго көптүк кылат. Бекитилгени 161,9 млрд сом, 2018 сал. 23,340 млн сомго көп", - деп кошумчалады өкмөт башчы.


Пикир

Оставить комментарий