• 88.68
  • 95
  • 0.95

2020-жылы Кыргызстанда өнөр жай продукциясынын көлөмү 319 млрд сомдон ашты

Экономика 0

Бишкек, 14.01.21. /Кабар/. Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2020-жылдын январь-декабрында 319 миллиард сомдон ашты. Бул тууралуу маалымат жыйында улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, бул крсткч өткөн жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 6,6 пайызга төмөн. Буга күйүүчү майдын көлөмүнүн (59,3 пайыз) кыскарышы, текстиль өнөр-жайы, кийим-кече жана бут кийим, булгаары жанан булгаарыдан жасалган буюмдар (21,5 пайыз), жыгач жана кагаздан жасалган буюмдар, полиграфиялык ишмердик (13,2 пайыз), резина жана пластмассадан жазалган буюмдар жана металл эмес минералдык азыктар (7,0 пайыз), азык-түлүк өндүрүү (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктары (6,6 пайыз), темир жана темирден жазалган буюмдар, буга машина менен жабдуулар кирбейт (4,4 пайыз), ошондой эле жер астынан казылган баалуу металлдардын (22,4 пайыз) кыскарышы таасирин тийгизди.

Курулуш тармагында төмөндөөлөр байкалат, анын көлөмү – 15,9 пайызга жакын кыскарды, дүң жана чекене соода тармагында көрсөткүчтөр 16,1 пайызга азайды, ал эми айыл чарбасында оң тенденциялар байкалды, анда өндүрүүнүн көлөмү 1,1 пайызга өстү.

Пикир

Оставить комментарий